Мээримге Каалоо

Мээримге Каалоо

Баяман Канатбеков

0 me gusta3:2322 ago 2026

Prompt

Мээримге Мээрим деген атына жарашкан, Жүрөгү таза, жүзү нур чачкан. Карындашым деп сыймыктанам, Ар дайым бактылуу бол деп тилек кылам. Күлкүң менен үйгө көрк кирет, Жакшы сөзүң жүрөккө дем берет. Кайда жүрсөң жолуң ачык болсун, Ар бир күнүң кубанычка толсун. Жашооңдо кайгы болбосун, Көзүңдөн жаш эч качан тамбасын. Арманыңдын баары орундалып, Бактың сага дайым жолдош болсун. Мээрим, сендей карындашым бар үчүн, Шүгүр кылам ар бир аткан таң үчүн. Бийик учуп, өз жолуңду тап, Аман бол, жан карындашым, ар дайым!